КАРАМА-КАРШЫЛЫК
КАРАМА-КАРШЫЛЫК (формалдык логикада) – бири экинчисин жокко чыгаруучу кош пикирдин болушу (ой-жүгүртүүдө, текстте, теорияда). Карама-каршылык аны пайда кылган ой жүгүртүүнүн логикалык каталыгын же ошол ой жүгүртүүгө таяныч болгон негиздердин сыйышпастыгын көрсөтөт. Мындай жагдай карама-каршылыкка алып келүү аркылуу төгүндөөдө ж-а кыйыр далилдерде көп пайдаланылат.