КАРАМА-КАРШЫЛЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАМА-КАРШЫЛЫК (формалдык логика­да) – бири экинчисин жокко чыгаруучу кош пи­кирдин болушу (ой-жүгүртүүдө, текстте, теория­да). Карама-каршылык аны пайда кылган ой жүгүртүүнүн логикалык каталыгын же ошол ой жүгүртүүгө таяныч болгон негиздердин сыйышпастыгын көрсөтөт. Мындай жагдай карама-каршылыкка алып келүү аркылуу төгүндөөдө ж-а кыйыр далилдерде көп пайдаланылат.