КАРАКОЛ 6
КАРАКОЛ – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы кыштак. Каракол айыл округуна караштуу. Жыргалаң суусунун төмөнкү агымынын оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 1740 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Каракол шаарынан 26 км түндүк тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 220 км. Калкы 1853 (2022); мал м-н алектенип, тоют өсүмдүктөрүн өстүрөт. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү, оорукана, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.