КАРАКОЛ 6

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКОЛ – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районун­дагы кыштак. Каракол айыл округуна караш­туу. Жыргалаң суусунун төмөнкү агымынын оң жээ­гинде, деңиз деңгээлинен 1740 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Каракол шаарынан 26 км түндүк тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 220 км. Кал­кы 1853 (2022); мал м-н алектенип, тоют өсүм­дүктөрүн өстүрөт. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү, оорукана, дарыкана бар. Турмуш-ти­ричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүн­дөрү, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.