КАРАКЕ
КАРАКЕ – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Т. Зулпуев атындагы айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1400 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 5 км чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 47 км. Калкы 1267 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет.