КАРАКЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКЕ – Ош облусунун Ноокат районундагы кыш­так. Т. Зулпуев атындагы айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1400 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Ноокат шаарынан 5 км чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 47 км. Калкы 1351 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет.