КАРА-ШОРО ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:42, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ШОРО ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫ Өзгөн районунун аймагында. 1996-жылы уюшулган. Ферга­на тоо тизмегинин түштүк-батыш капталындагы минералдуу булак чыккан, токой, шалбаа өсүм­дүктөрү жакшы сакталган аймакты камтыйт. Аянты 845 га. Паркта Батыш Теңир-Тоо менен Памир–Алай тоо тармактарына мүнөздүү ажа­йып токойлор (карагай, жаңгак-жемиш, арча), бийик шалбаа өсүмдүктөрү, бадалдар жана алар­дын арасында ар түрдүү жаныбар бар.