КАРА-ШОРО ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ШОРО ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫ Өзгөн районунун аймагында. 1996-жылы уюшулган. Ферга­на тоо тизмегинин түштүк-батыш капталындагы минералдуу булак чыккан, токой, шалбаа өсүм­дүктөрү жакшы сакталган аймакты камтыйт. Аянты 845 га. Паркта Батыш Теңир-Тоо менен Памир–Алай тоо тармактарына мүнөздүү ажа­йып токойлор (карагай, жаңгак-жемиш, арча), бийик шалбаа өсүмдүктөрү, бадалдар жана алар­дын арасында ар түрдүү жаныбар бар.