КИЙМЕ ЧАЧ
КИЙМЕ ЧАЧ, п а р и к (французча perruque) – жасалма чач; театрда гримдин маанилүү бир каражаты. Кийме чач Байыркы Египет– Ассирия – Вавилон – айрыкча Байыркы Грекия менен Римде кеңири тараган.

Орто кылымдарда көп колдонулбай – XVI кылымдын акырынан Европага жайылган. Англияда сот кийме чачты салт баш к и й и м к а т а р ы киет. Кийме чач театрларда белгилүү доордогу адамдын турпатын, социалдык чөйрөсүн, жашын, мүнөзүн көрсөтүү үчүн пайдаланылат. Театрдагы кийме чач кадимки чачтан – жылкынын жал-куйругунан, эчки, топоз жүнүнөн жасалат.