КИЙМЕ ЧАЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЙМЕ ЧАЧ, п а р и к (французча perruque) – жасал­ма чач; театрда гримдин маанилүү бир каража­ты. Кийме чач Байыркы Египет, Ассирия, Вавилон, айрыкча Байыркы Грекия менен Римде кеңири тараган.

Орто кы­лымдарда көп колдонулбай, XVI кылымдын акырынан Европага жайыл­ган. Англияда сот кийме чачты салт баш к и й и м к а т а р ы киет. Кийме чач театр­ларда белгилүү доордогу адамдын турпатын, социалдык чөй­рөсүн, жашын, мүнөзүн көрсөтүү үчүн пайдаланылат. Театрдагы кийме чач кадимки чачтан – жыл­кынын жал-куйругунан, эчки, топоз жүнүнөн жасалат.