КАРА-ЧОЛОК
КАРА-ЧОЛОК , Л ю б л и н к о – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Курманбек атындагы айыл округуна караштуу. Жалал-Абад – Казарман автомобиль жолунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 1290 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 48 км түндүк-чыгыш тарапта. Багыш темир жол бекетинен 30 км. Калкы 2834 (2022); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбасында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, оорукана, мончо бар. Төрт тегирмен, майжуаз цехтери, мал базар, соода түйүндөрү иштейт.