КАРА-ЧОЛОК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ЧОЛОК , Л ю б л и н к о – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Курманбек атындагы айыл округуна караштуу. Жалал-Абад – Казарман автомобиль жолунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 1290 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору Сузак кыштагынан 48 км түндүк-чыгыш тарап­та. Багыш темир жол бекетинен 30 км. Калкы 2834 (2022); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбасында эмгектенет. Негизги мектеп, китеп­кана, оорукана, мончо бар. Төрт тегирмен, май­жуаз цехтери, мал базар, соода түйүндөрү иш­тейт.