КАРА-ТОО (Кочкор районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:16, 21 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КАРА-ТОО 1 to КАРА-ТОО (Кочкор районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ТОО – Нарын облусунун Кочкор районундагы кыштак. Семиз-Бел айыл округуна караштуу. Кара-Тоонун этегинде, деңиз деңгээлинен 1834 м би­йикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыштагынан 3,5 км түндүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 65 км. Кыштак 1927-жылы негиз­делген. Калкы 2853 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт ж-а маданият үйү бар. Турмуш-тиричилик кызма­тынын бөлүмдөрү ж-а соода жайлары иштейт.