КАРА-ТОО (Кочкор районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-ТОО – Нарын облусунун Кочкор районундагы кыштак. Семиз-Бел айыл округуна караштуу. Кара-Тоонун этегинде, деңиз деңгээлинен 1834 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыштагынан 3,5 км түндүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 65 км. Кыштак 1927-жылы негизделген. Калкы 2853 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт ж-а маданият үйү бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү ж-а соода жайлары иштейт.