КАРА-ТАШ КУМ КЕНИ
КАРА-ТАШ КУМ КЕНИ Ош облусунун Сузак районунда, Маркай кыштагынан 1,5 км чыгыш тарапта, Фергана тоо тизмегинин батыш тармагы Сүрөөн-Төбө бөксө тоосунун түштүк капталында жайгашкан. 1953-жылы табылган. Кен аймагын мезозой заманындагы чөкмө тектер түзөт. Кум катмары бор мезгилиндеги чөкмө тектердин арасында жатат. Калыңдыгы 19–25 м, узундугу бир нече кмге созулат. Кум начар камдашкан, негизинен кварц, кремний, кээде талаа шпаты ж-а чөкмө тектердин сыныктарынан турат. Кумда 0,15тен 0,6 ммге чейинки фракция басымдуу. 20 ммге чейинки шагылдар аз санда кездешет. Салыштырма салмагы 2,52–2,57. Запасы 465,7 миң м3. Кумду чопо м-н чаңдан арылтып, жууп, кум шыбакка пайдаланса болот.