КАРА-ТАШ КУМ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ТАШ КУМ КЕНИ Ош облусунун Сузак районунда, Маркай кыштагынан 1,5 км чыгыш тарап­та, Фергана тоо тизмегинин батыш тармагы Сүрөөн-Төбө бөксө тоосунун түштүк капталында жайгашкан. 1953-жылы табылган. Кен аймагын ме­зозой заманындагы чөкмө тектер түзөт. Кум кат­мары бор мезгилиндеги чөкмө тектердин ара­сында жатат. Калыңдыгы 19–25 м, узундугу бир нече кмге созулат. Кум начар камдашкан, негизинен кварц, кремний, кээде талаа шпаты ж-а чөкмө тектердин сыныктарынан турат. Кумда 0,15тен 0,6 ммге чейинки фракция басымдуу. 20 ммге чейинки шагылдар аз санда кездешет. Салыштырма салмагы 2,52–2,57. Запасы 465,7 миң м3. Кумду чопо м-н чаңдан арылтып, жууп, кум шыбакка пайда­ланса болот.