КАРА-СУУ ТҮЗДҮГҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:54, 21 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-СУУ ТҮЗДҮГҮ , О ш – К а р а - С у у т ү з д ү г ү Фергана ойдуңунун чыгышында. Чыгышынан Отуз-Адыр, батышынан Анжиян, түштүгүнөн Лаглан, Ноокат адырлары м-н чектешет. Кара-Суу р-нунун аймагында. Узундугу 70– 80 км, жазылыгы 40–50 км. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1013 м. Түздүктөн Ош, Чилмайрам тоо­лору көтөрүлүп жатат. Түндүккө карай жанта­йыңкы. Жери түз, майда дөңсөөлөр кездешет. Төртүнчүлүк мезгилинин кум-чополуу тектери ж-а лёсс (калыңдыгы 25 мге чейин) м-н капта­лып, боз топурактуу. Жайы ысык (июлдун орточо темппературасы 24–25°С), кышы жылуу (январдыкы –3... –4°С). Жылдык жаан-чачыны 250–360 мм. Түздүк аркылуу Ак-Буура, Шааркан-Сай суула­ры агат. Жарым чөл, кургак талаа ж-а талаа ландшафты басымдуу. Пахта, тамеки, рапс, тоют өсүмдүктөрү, жашылча-жемиш өстүрүлөт. Түздүктө Ош, Кара-Суу шаарлары ж-а бир нече кыштак жайгашкан.