КАРА-СУУ ТҮЗДҮГҮ
КАРА-СУУ ТҮЗДҮГҮ , О ш – К а р а - С у у т ү з д ү г ү Фергана ойдуңунун чыгышында. Чыгышынан Отуз-Адыр, батышынан Анжиян, түштүгүнөн Лаглан, Ноокат адырлары м-н чектешет. Кара-Суу р-нунун аймагында. Узундугу 70– 80 км, жазылыгы 40–50 км. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1013 м. Түздүктөн Ош, Чилмайрам тоолору көтөрүлүп жатат. Түндүккө карай жантайыңкы. Жери түз, майда дөңсөөлөр кездешет. Төртүнчүлүк мезгилинин кум-чополуу тектери ж-а лёсс (калыңдыгы 25 мге чейин) м-н капталып, боз топурактуу. Жайы ысык (июлдун орточо темппературасы 24–25°С), кышы жылуу (январдыкы –3... –4°С). Жылдык жаан-чачыны 250–360 мм. Түздүк аркылуу Ак-Буура, Шааркан-Сай суулары агат. Жарым чөл, кургак талаа ж-а талаа ландшафты басымдуу. Пахта, тамеки, рапс, тоют өсүмдүктөрү, жашылча-жемиш өстүрүлөт. Түздүктө Ош, Кара-Суу шаарлары ж-а бир нече кыштак жайгашкан.