КАРА-СУУ (Нарындын оң куймасы)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 20 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КАРА-СУУ 1 to КАРА-СУУ (Нарындын оң куймасы)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-СУУ – Аксы районунун аймагы аркылуу аккан суу, Нарындын оң куймасы. Узундугу 85 км, алабынын аянты 2800 км2. Чаткал кырка тоосу­нун түндүк-чыгыш капталынан башталып, жогор­ку бөлүгүндө кууш ж-а терең капчыгай, ортоң­ку ж-а төмөнкү бөлүктөрүндө кенен ж-а токой­луу өрөөн м-н агат. Өрөөнүндө шилендилер, ша­гыл таштар ж-а мореналар кезигет. Алабында көлдөр бар. Жылдык орточо чыгымы 41,2 м3/сек. Эң көп чыгымы май айында, азы январда бай­калат. Ири куймалары: Кожо-Ата, Авлетим, Турдук, Ак-Жол. Сугатка пайдаланылат. Ала­бынан Сары-Челек көлү ж-а коругу орун алган. Жээгинде Ак-Жол, Кара-Суу, Тегене кыштактары жай­гашкан.