КАРА-СУУ (Нарындын оң куймасы)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-СУУ – Аксы районунун аймагы аркылуу аккан суу, Нарындын оң куймасы. Узундугу 85 км, алабынын аянты 2800 км2. Чаткал кырка тоосунун түндүк-чыгыш капталынан башталып, жогорку бөлүгүндө кууш ж-а терең капчыгай, ортоңку ж-а төмөнкү бөлүктөрүндө кенен ж-а токойлуу өрөөн м-н агат. Өрөөнүндө шилендилер, шагыл таштар ж-а мореналар кезигет. Алабында көлдөр бар. Жылдык орточо чыгымы 41,2 м3/сек. Эң көп чыгымы май айында, азы январда байкалат. Ири куймалары: Кожо-Ата, Авлетим, Турдук, Ак-Жол. Сугатка пайдаланылат. Алабынан Сары-Челек көлү ж-а коругу орун алган. Жээгинде Ак-Жол, Кара-Суу, Тегене кыштактары жайгашкан.