КАРА-САЗ (Кочкор районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:53, 18 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-САЗ – Нарын облусунун Кочкор районундагы кыштак. Кош-Дөбө айыл округуна караштуу. Үкөк суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1995 м би­йикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыштагынан 16 км түштүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 76 км. Кыштак 1930-жылы негиз­делген. Калкы 1661(2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бак­ча, маданият үйү, ФАП, амбулатория бар. Улуу Ата Мек. согушта курман болгондорго эстелик тур­гузулган. Кыштактын эки тарабы тең саз бол­гондуктан, Кара-Саз аталып калган.