КАРА-САЗ (Кочкор районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-САЗ – Нарын облусунун Кочкор районундагы кыштак. Кош-Дөбө айыл округуна караштуу. Үкөк суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1995 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыштагынан 16 км түштүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 76 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 1661(2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, маданият үйү, ФАП, амбулатория бар. Улуу Ата Мек. согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштактын эки тарабы тең саз болгондуктан, Кара-Саз аталып калган.