КАРА-СААДАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:43, 18 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-СААДАК – XI–XII кылымдардагы феодалдык чар­бак-сепилинин калдыгы табылган жер. Куршаб суусунун Кара-Дарыяга куйган жерине жакын жерде жайгашкан. Чарбактын аянты 30х30 м; дарбазасы түндүк тарабындагы дубалдын ортосун­да болгон. Турак жай жана чарбалык курулуш­тар дубалдарды бойлото салынган. Алардын ай­рымдарынын тамандарына бышкан кыш төшөлгөн. Казуу учурунда очок, меш, тыйын, жаргылчак жана башкалар табылган. Орто кылымдагы Кыргызстандын материалдык маданиятын изилдеп билүүдө Кара-Саадактын мааниси чоң.