КАРА-СААДАК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-СААДАК – XI–XII кылымдардагы феодалдык чарбак-сепилинин калдыгы табылган жер. Куршаб суусунун Кара-Дарыяга куйган жерине жакын жерде жайгашкан. Чарбактын аянты 30х30 м; дарбазасы түндүк тарабындагы дубалдын ортосунда болгон. Турак жай жана чарбалык курулуштар дубалдарды бойлото салынган. Алардын айрымдарынын тамандарына бышкан кыш төшөлгөн. Казуу учурунда очок, меш, тыйын, жаргылчак жана башкалар табылган. Орто кылымдагы Кыргызстандын материалдык маданиятын изилдеп билүүдө Кара-Саадактын мааниси чоң.