КАРА-КЕЧЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:06, 14 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КЕЧЕ – Жумгал суусунун сол куймасы. Узундугу 45 км, алабынын аянты 184 км2. Молдо- Тоонун түндүк капталынан башталып, түндүктү карай агат да, Жумгалга жетпей сугатка бөлүнүп кетет. Жогорку агымында өрөөнү куушураак, төмөндөгөн сайын кеңийт. Чатында салаалар­га бөлүнүп, саздуу. Жылдык орточо чыгым 1,1–1,5 м3/сек, эң көбү июнь–июлда, азы декабрь–январда байкалат. Май айында кирип, сентябр­да тартылат.