КАРА-КЕЧЕ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-КЕЧЕ – Жумгал суусунун сол куймасы. Узундугу 45 км, алабынын аянты 184 км2. Молдо- Тоонун түндүк капталынан башталып, түндүктү карай агат да, Жумгалга жетпей сугатка бөлүнүп кетет. Жогорку агымында өрөөнү куушураак, төмөндөгөн сайын кеңийт. Чатында салааларга бөлүнүп, саздуу. Жылдык орточо чыгым 1,1–1,5 м3/сек, эң көбү июнь–июлда, азы декабрь–январда байкалат. Май айында кирип, сентябрда тартылат.