КАРА-ЖЫЛГА СЕЙРЕК МЕТАЛЛДАР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:36, 14 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ЖЫЛГА СЕЙРЕК МЕТАЛЛДАР КЕНИ Талас районунда, Кара-Жылга тоосунда, Кеңкол суусунун оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 1850–2200 м бийикте. 1957–1961-жылдары издөө-баалоо иштери жүр­гүзүлгөн. Кен рифейдеги кара-жылга гранит жана гнейс–гранит интрузия эндоконтагынын түндүк-чыгыш бөлүгүнө туура келет. Кенташ тул­кулары граниттин катаклаздалган, гнейстелген зоналарына туташып, түндүк-батышка созулган жаракалар менен байланышкан. Негизги минерал­дары: ферриторит, торит, ортит, монацит, иль­менорутил. Кенташтагы сейрек учуроочу металл кычкылынын орточо өлчөмү 0,1–0,7%. Сейрек учу­роочу металлдардын болжолдуу запасы 16700 т.