КАРА-ЖЫЛГА СЕЙРЕК МЕТАЛЛДАР КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-ЖЫЛГА СЕЙРЕК МЕТАЛЛДАР КЕНИ Талас районунда, Кара-Жылга тоосунда, Кеңкол суусунун оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 1850–2200 м бийикте. 1957–1961-жылдары издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен рифейдеги кара-жылга гранит жана гнейс–гранит интрузия эндоконтагынын түндүк-чыгыш бөлүгүнө туура келет. Кенташ тулкулары граниттин катаклаздалган, гнейстелген зоналарына туташып, түндүк-батышка созулган жаракалар менен байланышкан. Негизги минералдары: ферриторит, торит, ортит, монацит, ильменорутил. Кенташтагы сейрек учуроочу металл кычкылынын орточо өлчөмү 0,1–0,7%. Сейрек учуроочу металлдардын болжолдуу запасы 16700 т.