ДЕӉИЗ ЧӨКМӨЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:24, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕӉИЗ ЧӨКМӨЛӨРҮ – деӊиз, океан түбүндө чөкмөлөрдүн жыйылышынан пайда болгон тоо ­тек катмарлары. Алар кургактыктан дарыя агы­мы, шамал, жээктердеги суу толкуну менен сүрүлүп келген заттардан, деӊизде жашаган организм калдыктарынан, химиялык жол менен пайда болгон минералдардан жана суу астындагы жанар тоо бүркүндүлөрүнөн түзүлөт. Деңиз чөкмөлөрүндөгү бөлүкчөлөр: терриген (тоо тектердин талкаланып үбөлө­нүшүнөн), биоген (деӊиз организмдеринин ске­лет жана кабык калдыктарынан) жана хемоген (деӊиз сууларында туздардын чөгүшүнөн же деӊиз түбүндө жүргөн химиялык процесстерден) жолдо­ру менен пайда болот. Пайда болуу тереӊдигине жараша литораль, нерит, батиаль жана абиссаль чөкмөлөрү болуп бөлүнөт. Механикалык курамы боюнча деңиз чөкмөлөрү кум, ылайлуу кум, алевролит жана ылайлардан турат. Деңиз чөкмөлөрү диагенездин натыйжасында катуу чөкмө тектерге айланат. Кыргызстанда байыркы деңиз чөкмөлөрү геологиялык мезгилдердин дээрлик бардыгында (мезо­зой жана кайнозой замандарынан башка) кеӊи­ри таралган. Алар менен Теӊир-Тоонун темир, мар­ганец, коргошун, пирит, фосфорит, боксит, нефть жана газдын кендери байланыштуу.

Ад.: Страхов Н. М. Основы теории литогенеза. Т. 1–3-е, М., 1962; Швецов М. С. Петрография оса­дочных пород. 3-е изд., М.; Л., 1958; Крашенинни­ков Г. Ф. Учение о фациях. М., 1971.