ДЕӉИЗ ЧӨКМӨЛӨРҮ
ДЕӉИЗ ЧӨКМӨЛӨРҮ – деӊиз, океан түбүндө чөкмөлөрдүн жыйылышынан пайда болгон тоо тек катмарлары. Алар кургактыктан дарыя агымы, шамал, жээктердеги суу толкуну менен сүрүлүп келген заттардан, деӊизде жашаган организм калдыктарынан, химиялык жол менен пайда болгон минералдардан жана суу астындагы жанар тоо бүркүндүлөрүнөн түзүлөт. Деңиз чөкмөлөрүндөгү бөлүкчөлөр: терриген (тоо тектердин талкаланып үбөлөнүшүнөн), биоген (деӊиз организмдеринин скелет жана кабык калдыктарынан) жана хемоген (деӊиз сууларында туздардын чөгүшүнөн же деӊиз түбүндө жүргөн химиялык процесстерден) жолдору менен пайда болот. Пайда болуу тереӊдигине жараша литораль, нерит, батиаль жана абиссаль чөкмөлөрү болуп бөлүнөт. Механикалык курамы боюнча деңиз чөкмөлөрү кум, ылайлуу кум, алевролит жана ылайлардан турат. Деңиз чөкмөлөрү диагенездин натыйжасында катуу чөкмө тектерге айланат. Кыргызстанда байыркы деңиз чөкмөлөрү геологиялык мезгилдердин дээрлик бардыгында (мезозой жана кайнозой замандарынан башка) кеӊири таралган. Алар менен Теӊир-Тоонун темир, марганец, коргошун, пирит, фосфорит, боксит, нефть жана газдын кендери байланыштуу.
Ад.: Страхов Н. М. Основы теории литогенеза. Т. 1–3-е, М., 1962; Швецов М. С. Петрография осадочных пород. 3-е изд., М.; Л., 1958; Крашенинников Г. Ф. Учение о фациях. М., 1971.