ДЕФЛЯЦИЯ (тоо тектеринин үбөлөнүшү)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:35, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕФЛЯ́ЦИЯ – (латынча deflatio – үйлөө, желпүү) – шамалдын таасиринен жердин үстүнкү борпоӊ катмарынын жана тоо тектердин жемирилип, үбө­лөнүп (кум, чаӊ ж. б.) учушу. Бул кубулуш ай­рыкча чөлдөрдө байкалат (Кара-Кум чөлүнүн түштүк жагы). Дефляциянын жана физикалык процесстердин на­тыйжасында жондонгон жарчалар, мунара сы­мал мамычалар пайда болот, к. Топурак эро­зиясы.