ДЕФЛЯЦИЯ (тоо тектеринин үбөлөнүшү)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЕФЛЯ́ЦИЯ – (латынча deflatio – үйлөө, желпүү) – шамалдын таасиринен жердин үстүнкү борпоӊ катмарынын жана тоо тектердин жемирилип, үбөлөнүп (кум, чаӊ ж. б.) учушу. Бул кубулуш айрыкча чөлдөрдө байкалат (Кара-Кум чөлүнүн түштүк жагы). Дефляциянын жана физикалык процесстердин натыйжасында жондонгон жарчалар, мунара сымал мамычалар пайда болот, к. Топурак эрозиясы.