КВАТРОЧЕНТО
КВАТРОЧЕ́НТО (италянча quattrocento– сөзмө-сөз – төрт жүз) – XV кылымдын италянча аталышы. Италиянын көркөм сүрөт искусствосунун же жалпы эле маданиятынын өнүгүү мезгили катары берилет. Ошол мезгилдеги сүрөтчүлөрдү кватрочентисттер деп аташкан.