КВАТРОЧЕНТО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАТРОЧЕ́НТО (италянча quattrocento– сөзмө-сөз – төрт жүз) – XV кылымдын италянча аталышы. Ита­лиянын көркөм сүрөт искусствосунун же жалпы эле маданиятынын өнүгүү мезгили катары берилет. Ошол мезгилдеги сүрөтчүлөрдү кватрочентист­тер деп аташкан.