«КИТАБ ал-АГАНИ»
«КИТАБ ал-АГАНИ» («Ыр китеп») – араб поэзиясынын антологиясы. Ад-тчы, акын, тарыхчы, Абу-л-Фарадж ал-Исфахани (897–967) түзгөн.
Китепке 7–10-к-дагы араб акындарынын ырларына жазылган Ибраим ал-Маусили, Исмаил ибн Жами ж-а Фулайха ибн ал-Аврдын музыкасы кирген. «К. а.-А-де» акындардын өмүр баяндары, композиторлор м-н белгилүү аткаруучулар тууралуу маалыматтар камтылган. Түзүүдө
кемчиликтер кетирилгени м-н, бул китеп – 10-
к-га чейинки арабдардын ж-а араб тилинде сүйлөгөн элдердин ад-ты, мад-ты ж-а үрп-адаты тууралуу маалыматтарды камтыган баалуу эмгек. «К. а.-А-ни» немис илимпозу Козергартен 10 том кылып чыгармак болуп, анын 1-тому
гана жарык көргөн (1868–69). Китеп толугу м-н
21 том болуп, 1904-ж. Каирде басылып чыккан.
Ад.: Крымский А. Е. История арабов и арабской литературы. Т. 1–3. М., 1911–13.