«КИТАБ ал-АГАНИ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КИТАБ ал-АГАНИ» («Ыр китеп») – араб поэ­зиясынын антологиясы. Адабиятчы, акын, тарых­чы, Абу-л-Фарадж ал-Исфахани (897–967) түзгөн. Китепке 7–10-кылымдардагы араб акындарынын ырла­рына жазылган Ибраим ал-Маусили, Исмаил ибн Жами ж-а Фулайха ибн ал-Аврдын музыка­сы кирген. «Китаб ал-Аганиде» акындардын өмүр баян­дары, композиторлор м-н белгилүү аткаруучу­лар тууралуу маалыматтар камтылган. Түзүүдө кемчиликтер кетирилгени м-н, бул китеп 10-кылымга чейинки арабдардын ж-а араб тилинде сүйлөгөн элдердин адабияты, маданияты ж-а үрп-ада­ты тууралуу маалыматтарды камтыган баалуу эмгек. «Китаб ал-Аганини» немис илимпозу Козергар­тен 10 том кылып чыгармак болуп, анын 1-тому гана жарык көргөн (1868–69). Китеп толугу м-н 21 том болуп, 1904-жылы Каирде басылып чыккан.


Ад.: Крымский А. Е. История арабов и арабской литературы. Т. 1–3. М., 1911–13.