КИСЛОВОДСК
КИСЛОВО́ДСК – Россиядагы шаар (1830-жылдан). Ставрополь крайынын түш.-батышында, Чоң Кавказдын түн. этегинде, Ольховка ж-а Берёзовка д-нын өрөөнүндө, деңиз деңг. 817– 1062 м бийикте жайгашкан. Кавказ минералдуу суулар тобунун курамындагы эң ири бальнеол. климаттык курорттордун бири. Бир нече санаторий иштейт. Калкы 129,2 миң (2008). Т. ж. бекети. Автомобиль жолу аркылуу Минеральные Воды ш. м-н байланышат. 1803-ж. Кисловодск чеби катары негизделген. 19–20-к-дын курулуштарынан Кисловодск чеби (1803, 1965-жылдан музей), Ребровдун үйү (1829-ж. А. С. Пушкин келген; 1837-ж. М. Ю. Лермонтов жашаган), живописчи Н. А. Ярошенконун чарбагы (1959-жылдан музей-чарбак; анда орус графикасы м-н живописинин топтому коюлган), неоготика стилиндеги Нарзан галереясы, павильон-

дор (20-к-дын башы), дачалар ж. б. сакталган. Тамак-аш–татымал, жеңил, эмерек ө. ж. ишканалары, «Нарзан» минералдуу суусун бөтөлкөгө куюучу з-д иштейт. Гуманитария-тех., экономика ж-а укук ин-ттары (1992), ун-т (филиал), көргөзмө залы, куурчак театры, цирк бар. Шаарда ж-а ага жакын жерде көптөгөн табигый эстеликтер кездешет.