КИСЛОВОДСК
КИСЛОВО́ДСК – Россиядагы шаар (1830-жылдан). Ставрополь крайынын түштүк-батышында, Чоң Кавказдын түндүк этегинде, Ольховка жана Берёзовка дарыяларынын өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 817–1062 м бийикте жайгашкан. Кавказ минералдуу суулар тобунун курамындагы эң ири бальнеологиялык климаттык курорттордун бири. Бир нече санаторий иштейт. Калкы 129,2 миң (2008). Темир жол бекети бар. Автомобиль жолу аркылуу Минерал-Суулары шаары менен байланышат. 1803-жылы Кисловодск чеби катары негизделген. XIX–XX кылымдардын курулуштарынан Кисловодск чеби (1803, 1965-жылдан музей), Ребровдун үйү (1829-жылы А. С. Пушкин келген; 1837-жылы М. Ю. Лермонтов жашаган), живописчи Н. А. Ярошенконун чарбагы (1959-жылдан музей-чарбак; анда орус графикасы менен живописинин топтому коюлган), неоготика стилиндеги Нарзан галереясы, павильондор (XX кылымдын башы), дачалар жана башкалар сакталган.

Тамак-аш, татымал, жеңил, эмерек өнөр жай ишканалары, «Нарзан» минералдуу суусун бөтөлкөгө куюучу заводд иштейт. Гуманитария-техника, экономика жана укук институттары (1992), унверситет (филиал), көргөзмө залы, куурчак театры, цирк бар. Шаарда жана ага жакын жерде көптөгөн табигый эстеликтер кездешет.