КИРШЁЛК кыштагы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИРШЁЛК – Чүй обл-нун Ысык-Ата р-нундагы кыштак. Люксембург айыл округуна караштуу. Бишкек – Каракол автомобиль жолунун, Биш­кек – Балыкчы т. ж-нун боюнда, деңиз деңг. 735 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. бекети Кант ш-нан 5 км батыш та­рапта. Кыштактын түн. тарабынан Чоң Чүй ка­налы өтөт. Кыштак 1930-ж. негизделген. Кал­кы 2386 (2008); негизинен дыйкан чарбаларын­да эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бак­ча, мад-т үйү ж. б. бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, соода түйүндөрү иштейт.