КИРШЁЛК кыштагы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИРШЁЛК – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Люксембург айыл округуна караштуу. Бишкек – Каракол автомобиль жолунун, Биш­кек – Балыкчы темир жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 735 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети. Кант шаарынан 5 км батыш та­рапта. Кыштактын түндүк тарабынан Чоң Чүй ка­налы өтөт. Кыштак 1930-жылы негизделген. Кал­кы 2386 (2008); негизинен дыйкан чарбаларын­да эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бак­ча, маданият үйү жана башкалар бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, соода түйүндөрү иштейт.