КИРПИЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИРПИ́Ч , к ы ш – минералдык материалдан бышырылып, буу м-н иштетилип даярдалган бекем, сууга ж-а суукка туруктуу, туура (парал­лелепипед) формадагы эң байыркы курулуш ма­териалы. Алгач К. ылайга саман кошулуп, ка­лып м-н куюлуп, кургагандан кийин бышырыл­бай эле пайдаланылган. Бул ыкмада даярдал­ган К. азыркы мезгилге чейин пайдаланылып келүүдө. Б. з. ч. 3–2-миң жылдыктарда бышы­рылган К. Египетте, Байыркы Римде колдону­ла баштаган. Пайдалануу түрүнө ж-а даярдоо ыкмасына жараша силикат К. ж-а бышырыл­ган чопо К. болуп бөлүнөт. Силикат К. акиташ, кум, цемент кошулуп, жогорку басымда ж-а темп-рада даярдалат. Бышырылган чопо К. ка­димки ж-а көркөм болуп ажыратылат. Кадим­ки К. дубал материалы катары пайдаланылат. К-тин сырткы өлчөмү: 250x125x65 мм ж-а 250x120x88 мм. Бекемдик чеги б-ча К. 75, 100, 125, 150, 200, 250 ж-а 300 маркалуу болуп ажы­ратылат. К. оңой эрүүчү таза чоподон ж-а кум­дуу чоподон же кум, жыгач таарындылары, күл аралаштырылып даярдалат. К-ти даярдоодо чопо ташы терилип, жуурулуп, формага келти­рип, кесилгенден кийин атайын меште 900– 950°С темп-рада бышырылып, кургаткычта кур­гатылат. Бул процесс механикалаштырылган ири ишканада жүрөт.