КИРПИЧ

КИРПИ́Ч , к ы ш – минералдык материалдан бышырылып, буу менен иштетилип даярдалган бекем, сууга жана суукка туруктуу, туура (параллелепипед) формадагы эң байыркы курулуш материалы. Алгач кирпич ылайга саман кошулуп, калып менен куюлуп, кургагандан кийин бышырылбай эле пайдаланылган. Бул ыкмада даярдалган кирпич азыркы мезгилге чейин пайдаланылып келүүдө. Биздин заманга чейинки 3–2-миң жылдыктарда бышырылган кирпич Египетте, Байыркы Римде колдонула баштаган. Пайдалануу түрүнө жана даярдоо ыкмасына жараша силикат кирпич жана бышырылган чопо кирпич болуп бөлүнөт. Силикат кирпич акиташ, кум, цемент кошулуп, жогорку басымда жана температурада даярдалат. Бышырылган чопо кирпич кадимки жана көркөм болуп ажыратылат. Кадимки кирпич дубал материалы катары пайдаланылат. Кирпичтин сырткы өлчөмү: 250x125x65 мм жана 250x120x88 мм. Бекемдик чеги боюнча К. 75, 100, 125, 150, 200, 250 жана 300 маркалуу болуп ажыратылат. Кирпич оңой эрүүчү таза чоподон жана кумдуу чоподон же кум, жыгач таарындылары, күл аралаштырылып даярдалат. Кирпичти даярдоодо чопо ташы терилип, жуурулуп, формага келтирип, кесилгенден кийин атайын меште 900– 950°С температурада бышырылып, кургаткычта кургатылат. Бул процесс механикалаштырылган ири ишканада жүрөт.
