КИРОВ шаары
КИ́РОВ (1781-ж. чейин Х л ы н о в, 1934-ж. чейин В я т к а) – Россиядагы шаар (1708-жылдан). Киров обл-нун адм. борбору. Вятка д-ндагы порт. Калкы 464,6 миң (2008). Ири автомо-
биль ж-а т. ж. тоому. Аэропорту бар. Алгач Вятка д-нын оң жээгинде жайгашып, Вятка аталган. 1489-ж. Россия мамлекетинин курамына кирген. Сибирь (1708–27) ж-а Казан (1727–
80) губернияларындагы шаар. Вятка провинциясынын адм. борбору (1719–80). 19–20-к-дын
башында саясий сүргүн жайы болгон. К-до А. И. Герцен, А. Л. Витберг ж-а Ф. Ф. Павленков, А. И. Герцен сүргүндө болушкан. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде маанилүү тыл борбору болуп, бул шаарга бир нече ири ө. ж. ишканалары [а. и. «Красный инструментальшик» (азыр КРИН аспап) з-ду ж-а Коломна паровоз куруу з-ду] эвакуацияланган. Ноговицынск
(б. з. ч. 7–3-к.) ж-а Чижевск (8–3-к.) шаар чалдыбарлары, Ыйык-Успенье Трифон эркектер монастырь ансамбли беш башкы Успенье собору
м-н (1684–89), Благовещенье, Троица чиркөөлөрү,
классицизм стилиндеги турак жайлар (18–19-к.)
сакталган. С. Я. Машковцевдин (1792–96), Жмакиндердин (1815) чарбагы, көпөс Я. А. Прозоровдун үйү (1871–72) ж. б. сакталган. Ө. ж-нын
негизги тармактары: машина куруу (а. и. станок ж-а прибор куруу), электр-тех., металл иштетүү, микробиология, жыгаччылык, булгаары–бут-кийим («Артэкс»), кебез-кездеме («Вятка-текс»), «Новая Вятка» жыгач такталар комбинаты, тамак-аш («Здрава», «Вятушка»). Чопо оюнчуктар өндүрүшү («Комтех») иштейт. Жети ИИИ (пед., политех., а. ч.), ЖОЖдордун филиалдары (финансы-экон. ж-а мед.), калк китепканалары, музейлер (сүрөт, край таануу, вяткалык көркөм кол өнөрчүлөрдүн, К. Э. Циолковский атн. авиа ж-а космонавтика), А. С. Гриндин, М. Е. Салтыков-Щедриндин үй-музейлери, театрлар (драма, куурчак ж. б.), филармония, камералык оркестр бар. Ботан. бак ж-а планетарий уюштурулган. Сов. мамл. ж-а парт. ишмер С. М. Кировдун ысмынан аталган.