КИРОВ шаары

КИ́РОВ (1781-жылга чейин Х л ы н о в, 1934-жылга чейин В я т к а) – Россиядагы шаар (1708-жылдан). Киров облусунун административдик борбору. Вятка дарыясындагы порт. Калкы 464,6 миң (2008). Ири автомобиль жана темир жол тоому, аэропорту бар. Алгач Вятка дарыясынын оң жээгинде жайгашып, Вятка аталган. 1489-жылы Россия мамлекетинин курамына кирген. Сибирь (1708–1727) жана Казан (1727–1780) губернияларындагы шаар. Вятка провинциясынын административдик борбору (1719–1780). XIX–XX кылымдын башында саясий сүргүн жайы болгон. Кировдо А. И. Герцен, А. Л. Витберг жана Ф. Ф. Павленков, А. И. Герцен сүргүндө болушкан. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде маанилүү тыл борбору болуп, бул шаарга бир нече ири өнөр жай ишканалары [анын ичинде «Красный инструментальшик» (азыр КРИН аспап) заводу жана Коломна паровоз куруу заводу] эвакуацияланган. Ноговицынск (биздин заманга чейинки VII–III кылымдар) жана Чижевск (VIII–IIII кылымдар) шаар чалдыбарлары, Ыйык-Успенье Трифон эркектер монастырь ансамбли беш башкы Успенье собору менен (1684–1689), Благовещенье, Троица чиркөөлөрү, классицизм стилиндеги турак жайлар (XVIII–XIX кылымдар) сакталган. С. Я. Машковцевдин (1792–1796), Жмакиндердин (1815) чарбагы, көпөс Я. А. Прозоровдун үйү (1871–1872) жана башкалар сакталган. Өнөр жайынын негизги тармактары: машина куруу (анын ичинде станок жана прибор куруу), электр-техника, металл иштетүү, микробиология, жыгаччылык, булгаары, бут кийим («Артэкс»), кебез-кездеме («Вятка-текс»), «Новая Вятка» жыгач такталар комбинаты, тамак-аш («Здрава», «Вятушка»). Чопо оюнчуктар өндүрүшү («Комтех») иштейт. Жети Илим изилдөө институту (педагогикалык, политехникалык, айыл чарба), жогорку окуу жайлардын филиалдары (финансы-экономика жана медицина), калк китепканалары, музейлер (сүрөт, край таануу, вяткалык көркөм кол өнөрчүлөрдүн, К. Э. Циолковский атындагы авиа жана космонавтика), А. С. Гриндин, М. Е. Салтыков-Щедриндин үй-музейлери, театрлар (драма, куурчак жана башкалар), филармония, камералык оркестр бар. Ботаникалык бак жана планетарий уюштурулган. Советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер С. М. Кировдун ысымынан аталган.