КИРИЛЛИЦА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИРИ́ЛЛИЦА – байыркы славян эки алиппе­синин бири (глаголица м-н бирге). 9-к-дын аягы, о. эле 10-к-дын башында пайда болгон. К. деген ат славян алиппесин алгач түзгөн агартуучу Ки­риллдин ысмынан коюлган. Байыркы К-да грек жазмасынан алынган 24 тамга болгон. Кийин ага славян тилдеринин грек тилинде жок ты­быштарын туюнтуу үчүн 13 тамга кошулган. К-нын келип чыгышы ж-дө так маалымат жок. 11–12-к-га чейин К. м-н глаголица бирдей кол­донулуп, бара-бара глаголица колдонулбай кал­ган. Бул алфавитти түзүү болгар ага-ини Ки­рилл м-н Мефодийдин диний-саясий-агартуу­чулук ишмердигине байланыштуу болгон. Алар грек алфавитинин негизинде алиппе түзүшүп, дин китептерин славян тилине которушкан. Адегенде К. түш. (болгар, серб, македон) ж-а чы­гыш славяндарга (орус, беларусь, украин) тара­ган. Россияда 1708-ж. бул алфавит реформала­нып, орус алфавитинин негизин түзгөн. 1941-ж. кыргыз алфавити К-нын негизинде түзүлүп, ага үч тамга (ө, ү, ң) кошулган. Сүрөтү 301-бетте.