КИРИЛЛИЦА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИРИ́ЛЛИЦА – байыркы славян эки алиппе­синин бири (глаголица менен бирге). 9-кылымдын аягы, ошондой эле 10-кылымдын башында пайда болгон. Кириллица деген ат славян алиппесин алгач түзгөн агартуучу Ки­риллдин ысмынан коюлган. Байыркы кириллицада грек жазмасынан алынган 24 тамга болгон. Кийин ага славян тилдеринин грек тилинде жок ты­быштарын туюнтуу үчүн 13 тамга кошулган. Кириллицанын келип чыгышы жөнүндө так маалымат жок. 11–12-кылымга чейин кириллица менен глаголица бирдей кол­донулуп, бара-бара глаголица колдонулбай кал­ган. Бул алфавитти түзүү болгар ага-ини Ки­рилл менен Мефодийдин диний-саясий-агартуу­чулук ишмердигине байланыштуу болгон. Алар грек алфавитинин негизинде алиппе түзүшүп, дин китептерин славян тилине которушкан. Адегенде кириллица түштүк (болгар, серб, македон) жана чы­гыш славяндарга (орус, беларусь, украин) тара­ган. Россияда 1708-жылы бул алфавит реформала­нып, орус алфавитинин негизин түзгөн. 1941-жылы кыргыз алфавити кириллицанын негизинде түзүлүп, ага үч тамга (ө, ү, ң) кошулган. Сүрөтү 301-бетте.