КИНО ҮЙҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНО ҮЙҮ – конф-я, кеңешме, кинофильмдер­ди көрсөтүү, чыгармачыл кечелерди уюштуруу, жолугушуулар өткөрүлүүчү кино иск-во ишмер­леринин клубу. 1930-ж. Ленинградда, 1934-ж. Москвада ачылган, кийинчерээк Киев, Тбили­си, Баку, Ташкент, Алма-Ата, Рига ж. б. шаар­ларда түзүлгөн. К. ү-нүн ишин кино жагында инж.- техн. кесиптеги, чыгармачыл өкүлдөрдөн турган кеңеш жетектеген. Москвадагы алгачкы К. ү-нүн кеңешинин төрагасы А. П. Довженко болгон. К. ү. СССР киностудиялары ж-а союздук респ-калардын киностудияларынын жетекчили­ги м-н иштеген. Кырг-нда К. ү. 1967-жылдан иштей баштаган, 2003-ж. Ч. Айтматовдун ысмы берилип, «Айтматовдун ак өргөөсү» аттуу бөлмө ачылган. К. ү-ндө Кинематографисттер союзу м-н Кинематография департаменти жайгашкан. К. ү-нүн директорлору: Э. Борбиев, А. Секимов, А. Мураталиев, П. Борбиева, Т. Кулмендеев, Ч. Камчыбекова, 2012-жылдан А. Абдыкадырова.