КИНО ҮЙҮ
КИНО ҮЙҮ – конференция, кеңешме, кино тасмаларды көрсөтүү, чыгармачыл кечелерди уюштуруу, жолугушуулар өткөрүлүүчү кино искусство ишмерлеринин клубу. 1930-жылы Ленинградда (азыр Санкт-Петербург), 1934-жылы Москвада ачылган, кийинчерээк Киев, Тбилиси, Баку, Ташкент, Алма-Ата, Рига жана башка шаарларда түзүлгөн. Кино үйүнүн ишин кино жагында инженер-техникалык кесиптеги, чыгармачыл өкүлдөрдөн турган кеңеш жетектеген. Москвадагы алгачкы Кино үйү кеңешинин төрагасы А. П. Довженко болгон. Кино үйү СССР киностудиялары жана союздук республикалардын кино студияларынын жетекчилиги менен иштеген. Кыргызстанда Кино үйү 1967-жылдан иштей баштаган, 2003-жылы Ч. Айтматовдун ысмы берилип, «Айтматовдун ак өргөөсү» аттуу бөлмө ачылган. Кино үйүндө Кинематографисттер союзу менен Кинематография департаменти жайгашкан. Кино үйүнүн директорлору: Э. Борбиев, А. Секимов, А. Мураталиев, П. Борбиева, Т. Кулмендеев, Ч. Камчыбекова, 2012-жылдан А. Абдыкадырова иштеген.