КИНО ТАРТЫЛУУЧУ ПАВИЛЬОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНО́ ТАРТЫЛУУЧУ ПАВИЛЬО́Н – ичине кино тартуу үчүн атайын курулган ж-а жасал­галанган имарат. Ал – киностудиянын негизги өндүрүштүк бөлүгү. Анын акустикасы үндү таза жазууга мүмкүнчүлүк бериши зарыл. К. т. п. айнектери жок, ар кандай конструкциялардан тургузулуп, капталына ж-а төбөсүнө үн өткөрбөс материал м-н капталат. Имараттын кино тар­тылуучу бөлмөсүнүн төбөсүнө декорацияны, жа­рык берүүчү аппаратураларды бекитүүчү меха­низмдер орнотулат. Павильон кичине (18x24 м2), орточо (21x30 м2), чоң (30x36 м2) ж-а өтө чоң (36x48 м2) болуп курулуп, алардын пайдалуу аянттары 150–14000 м2 ж-а бийикт. 6–25 мге жетет. Каалгалары да үн өткөрбөй тургандай жасалат. Ичинде ар кандай көрүнүштөрдү (жам­гыр, суу ташкыны ж. б.) жасоо үчүн суу жүргүч тармак, канализация, суу бассейндери курулат.