КИНО ТАРТЫЛУУЧУ ПАВИЛЬОН
КИНО́ ТАРТЫЛУУЧУ ПАВИЛЬО́Н – ичине кино тартуу үчүн атайын курулган жана жасалгаланган имарат. Ал – киностудиянын негизги өндүрүштүк бөлүгү. Анын акустикасы үндү таза жазууга мүмкүнчүлүк бериши зарыл. Кино тартылуучу павильон айнектери жок, ар кандай конструкциялардан тургузулуп, капталына жана төбөсүнө үн өткөрбөс материал менен капталат. Имараттын кино тартылуучу бөлмөсүнүн төбөсүнө декорацияны, жарык берүүчү аппаратураларды бекитүүчү механизмдер орнотулат. Павильон кичине (18x24 м2), орточо (21x30 м2), чоң (30x36 м2) жана өтө чоң (36x48 м2) болуп курулуп, алардын пайдалуу аянттары 150–14000 м2 жана бийиктиги 6–25 мге жетет. Каалгалары да үн өткөрбөй тургандай жасалат. Ичинде ар кандай көрүнүштөрдү (жамгыр, суу ташкыны жана башклар) жасоо үчүн суу жүргүч тармак, канализация, суу бассейндери курулат.